super.kg logo

Калькулятор менен башка чапкан окуя: 29 жаштагы жаран СИЗО-1ге бир айга камакка алынды

 

Бишкекте балдар паркында сатуучу кызды калькулятор менен башка чаап жиберген жаран СИЗО-1ге камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29 жаштагы А.А.нын баш коргоо чарасын Октябрь райондук соту карап, 1 айга камакка алуу түрүндөгү чечимин кабыл алган.

Маалымат үчүн:

Окуя 2-август күнү Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борбордо болгон. Арыз жазган кыздын айтымында, ал күнү бейтааныш эркек киши мас болуп алып, аны менен урушуп, сөгүнгөн. Чатакташып жатканда калькулятор менен башка чаап салган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-беренеси "ээнбаштык" менен катталган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында, чыр салган киши 29 жаштагы А.А. аттуу жаран экени аныкталып, Октябрь РИИБине алып келинген. Көп өтпөй бул окуя боюнча Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Николай Удовиченко үн каткан. Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кыргыз тилин билбеген кызды чаап жиберген А.А.га расмий эскертүү берген болчу.
Көп өтпөй бул окуяга Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин реакция кылып, Кыргыз өлкөсүнүн Жокорку Кеңешинин төрагасына бул окуяны жеке көзөмөлгө алуу тууралуу кайрылуу жолдорун билдирген.

10-августта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуп, аталган оюн-зоок борборунда орун алган Кыргыз Республикасынын жараны менен аталган мекеменин кызматкери, орус улутундагы Кыргыз Республикасынын жаранынын ортосунда болгон окуяны талкуулашкан.

Ал арада Орусиянын ички иштер министрлиги орус тилдүү кыргыз кызына кол салган Кыргыз жаранына он жылга өлкөгө кирүүгө тыюу салганы маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(13)
16.08.2021. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаман уйду коногу бийлейт болуп, биздин лох Жапаров менен Ташиев Россиянын дудкасына бийлеп жатат.

Кызды урганы туура эмес болгон албетте, бирок ошол учун эле бир айга СИЗОго камап, артынан 1-3 жылга окум чыгып дагы камап, уят эмеспи? Олкодон миллиарддарды уурдаган ууруларды бошотуп эле жатасынар го? Раим миллионду актап бошоттунар. Кыргызстанды сазга тыгып тоногон Акаевди урматтап тосуп алып кайра узатып койдунар. Канча адамдарды олтурткон криминалдарды бошотуп жатасынар...
16.08.2021. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
2 кыргыз жараны Кыргызстанда уруша кетсе Россия аралашып, коркутуп шантаж кылып, ал да аздай биздин жаранды жазалап жатат Россияга киргизбейм деп. Ким андай укук берди Россияга? Бизде бийликте лохтор отурганы учун Россия кутуруп жатат. Прибалтиканын 3 олкосу озундогу орустарды кордоп жатат, Россиянын колунан эч нерсе келбей отурат лох болуп. Ал эми биздин бийлик лох болгону учун Кыргызстанды каалагандай калчап жатат Россия. Биздикилер отурат башты шылкыйтып. Лох да.
16.08.2021. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Орустарга кын дей албай отурат экенбиз да эми
16.08.2021. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мактаган Садырынар деле жыргатпайт окшойт, оз жаранын эмес озго мамлекетти колдоду го.
16.08.2021. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орус болобу кыргыз болобу ал Адам Кыргызстандын жараны Закон баарына бирдей герсейип аял затына кол котрдубу жазасын алсын Тил масалеси боюнча Орустили мектеп программасынан бери келе жатат окутулуп.Ким озун улутчулмун десе башка жактан далилдесин Кыргызстандын желегин дуйного желбиретсин
16.08.2021. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Omyke, сендей манкурттар коп болгону учун шорубуз толтура... Эй наадан, мен кыргыз боло туруп, Кыргызстанда жашап туруп, сага орусча кайрылсам наамарттык эмеспи?! Орус тилин билгендер орусча суйлоп калышы керекпи коомдук жайларда?!

Мен мисалы, Кыргызстанда, оз Мекенимде мага кыргыз тилинде кызмат корсотулушун каалаймын. Ошол орусу, дунганы, озбеги мектепте 11 жыл кыргызча да окуйт. Коомдук жайларда алар бизге кыргыз тилинде кызмат корсото алышпаса анда иштебесин!!!
16.08.2021. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошол мекемеге да иш козгош керек.Эмне үчүн кыргызстанда кыргазча кызмат кылышпайт. Орусча билбеген жарандардын укугу чектелип жатпайбы
16.08.2021. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздар өмүр бою орустарга кошомат кылып жүрөбүз. Тажик өзбектерди көрүп уйронушсо болмок бийликтегилер
16.08.2021. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Садыр Нургожоевичке асылбагыла жакшы иштеп жатат
16.08.2021. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
modem4999, сенин Нургожоевичин лох!!! Орустардын дудкасына бийлеп жатат...... Айта бар!!!
16.08.2021. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Казакстан менен Озбекстанга барып коргулочу башка улуттун элдери ошолордун тилин суйлойт
16.08.2021. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Таза эле мана орусча билген эчки болбогулачы,биринчи оз эне тилин суйуп суйлогун калганына жетишесин.
16.08.2021. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жалко братан, саткындар камап тыныптырда! Укмк эскертүү эле берди элего!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: