super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз балбаны грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда эки алтын утту

 

Кыргыз спортчусу Нурсултан Куштарбек уулу UWW грэпплинг боюнча Орусияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда эки алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Sportrecs маалымат порталына жарыяланды.

Турнир 13-14-августта Уфа шаарында (Орусия) өттү. Куштарбек уулу 63 килограммга чейинки салмак категориясындагы мелдешке катышкан. Gi дисциплинасында (кимонодо) мекендешибиз Литва менен Орусиянын спортчуларын утуп алган, ошондой эле орусиялык балбан Руслан Багышовго утулуп калган. Ал тайпада 2-орунду ээлеп, жарым финалга чейин жетип, анда казакстандык балбанды жеңген.

Финалдык беттеште Куштарбек уулу кайрадан орусиялык Багышов менен беттешип, бирок бул жолу аны 5:3 эсебинде жеңип, Дүйнө чемпиону болгон.

Эртеси күнү кыргыз спортчусу No Gi (кимоносуз) дисциплинасында чыгып, Италия, Испания, Орусия, Казакстандан келген спортчулардын үстүнөн катары менен 4 жеңишке жетип, кайрадан Дүйнө чемпиону болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
16.08.2021. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат. Дайыма алдына умтула бер.
16.08.2021. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын. Дагы да дуйнону багындыра бер. Ийгилик.
16.08.2021. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсың! Ийгилик жандап жүрө берсин!
16.08.2021. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын, келечегин кенен болсун, дагы да ийгиликтерге жетише бер
16.08.2021. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2021ж Август айы биздин спортчуларга аябай ийгиликтуу болду Кудайым буйруса
16.08.2021. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таазим сага Нурсултан.
16.08.2021. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец.
17.08.2021. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу спорт туру такыр бааланбайт , эч ким деле корбойт. Кёрлинг сыяктуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: