"Талибдердин кийинки кадамы Борбор Азия өлкөлөрү" дейт Грузиянын экс-президенти
Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили Фейсбуктагы баракчасы аркылуу "Талибан" кыймылы Ооганстан бийлигин басып алгандыгы боюнча билдирүү калтырган.
"Он жыл мурун мен америкалыктар Ооганстандан кетери менен ооган өкмөтүнүн кулашы жана талибдердин толук жеңиши эң көп дегенде бир нече айга созулат деп айткам. Эми алар муну менен токтоп калбайт, талибдердин кийинки бутасы Борбор Азия болот", - деп жазган Саакашвили.
Эске салсак, талиб согушкерлери Ооганстандын шаарларын бирден басып алышкан жана 15-августта түштөн кийин Ооганстандын бүт аймагында көзөмөл орнотулганын жарыялашкан. Президент Ашраф Гани президенттиктен баш тартып, өлкөдөн чыгып кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:01
2025-06-30
Рейтинг:
0

Сен беш ийилип кошомат кылсан да орустар сенин тарабынды албайт!!!
Ал эми согуш таптакыр башка нерсе. Кечээ тажиктер менен орун алган кичине согуш эле элди сестенте койду. Чыныгы согушта колуна таш которуп олгусу келгендер гана душманга чуркайт....