super.kg logo

Шамалды-Сайда эки аялдын пикир келишпестиги өлүм менен аяктады. Шектүү келин 38 жашта

 

Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасында 43 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип 38 жаштагы аял киши кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 11-август күнү саат 13:15 чамасында Таш-Көмүр ШИИБинин 102 кызматына Шамалды-Сай шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн. Чакыруу боюнча тергөө ыкчам тобу барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө каза болгон аялдын жансыз денеси уктоочу бөлмөдөн табылып, ал 1978-жылы туулган Н.Г. аттуу жаран экендиги такталган. Ал киши колдуу болуп каза болгону аныкталган. Аталган окуя боюнча топтолгон материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, шектүү катары Шамалды-Сай шаарчасынын тургуну 1983-жылы туулган П.Т. аттуу аял киши аныкталып, тергөөгө алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү жабырлануучуга таандык болгон алтын буюмун алып келген жана кылмыш учурунда колдонгон бычакты ыргытып жиберген жерин көрсөтүп берген. Шектүүнүн баш коргоо чарасын Таш-Көмүр шаардык соту карап 2 айга камакка алган. Учурда окуя боюнча адам өлтүрүүнүн себептерин аныктоо, өндүрүш ишти соттун кароосуна жиберүү боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: