super.kg logo

19-20-август күндөрү Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилет

 

Ысык-Көлдө 19-20-август күндөрү унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-20-август күндөрү Ысык-Көл районунун аймагында чет элдик делегациялардын катышуусунда Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги саммити өткөрүлөт.

"Буга байланыштуу Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаары аркылуу өтүүчү Балыкчы-Ананьево-Каракол автоунаа жолу маал-маалы менен убактылуу жабылып, унаалардын жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилет. Иш-чаранын жагдайына байланыштуу айрым учурларда аталган автоунаа жолу 4 сааттан, 5 саатка чейин жабылышы божомолдонууда.

Ошол себептүү жолдо жүрүүдө ар кандай ыңгайсыздактарга кабылбоо үчүн жүргүнчү ташуучу кичи автобустар, жүргүнчү ташуучу жеке такси жана башка унааларга Ысык-Көлдүн түндүк тарабы, тагыраагы Жети-Өгүз, Тоң райондору аркылуу жол жүрүү сунушталат", - деп билдиришти мекемеден.

Аталган аймактын жол коопсуздугун камсыздоо кызматы эл аралык иш-чарага байланыштуу болуп жаткан ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: