super.kg logo
  Саясат  

"Республика" фракциясынын лидери милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясынын лидери Назарали Арипов милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун тексти:

 

“Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери! Ардактуу ардагерлер!

 

Сиздерди Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар менен чын дилден куттуктаймын. Өз өмүрлөрүн жана ишмердигин толук бойдон жалпы жарандарыбыздын бейпил жашоосуна, өлкөбүздүн коопсуздугуна, тартип сакчылыгына арнаган адамдар катары сиздердин эмгегиңиздер зор урмат-сыйга татыктуу.

 

Сиздердин жигердүү ишиңиздердин аркасында гана Кыргызстан туруктуу, өнүккөн, укуктук жана демократиялык мамлекетке айланат. Учурда Кыргызстандын ички иштер органдарында жүргүзүлүп жаткан реформа милиция кызматкерлеринин элдин ишенимине татыктуу болушуна көмөктөшүүгө тийиш деп эсептейм.

 

Кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап,  чың ден соолук, кажыбас кайрат жана үй-бүлөлүк бакыт каалаймын!”

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: