super.kg logo

"Аркандалган малды уурдашкан". Ысык-Көлдө уурулук фактысына шектелип 3 жаран кармалды

 

Ысык-Көл облусунда мал уурулук менен алектенүүгө шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, июль айында Түп РИИБине Чоң-Тогузбай айылынын эки тургуну кайрылып, айылдын чет жакасына аркандаган 10 баш малы белгисиз себептер менен жоголуп кеткендигин билдиришкен.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-беренеси "урдоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип үч жаран кармалган. Алар 22 жаштагы Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургуну, Түп районунун Чоӊ-Тогузбай айылынын тургуну жана Балыкчы шаарынын 21 жаштагы тургуну болуп чыккан. Алар алгачкы суракта өздөрүнүн күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышты.

Кылмышка шектүүлөр Түп РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү жарандардын башка мал уурулук фактыларына тиешеси бар же жоктугу боюнча тергөө амалдары уланууда", - деп билдиришти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.08.2021. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мал уурдоо дагы деле модадан кала элекпи?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: