super.kg logo

"Апасы экөө манты жасап сатып жүрчү". Ошто уурулукка шектелип 13 жашар кыз кармалды

 

Ош облусунда ири өлчөмдө акча уурдоого шектүү кыз кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, март айынан ушул күнгө чейин Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагында милиция бөлүмүнө уурулук боюнча арыз даттануулар түшүп турган.

Бул факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү катары Гүлчө айылынын 8-классынын окуучусу, тагыраагы, 13 жаштагы Н.С. аттуу кыз кармалды.

"Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү кыз автоунаалардын ичинен акча жана баалуу буюмдарын жашыруун түрдө уурдап алып жүргөндүгү аныкталды. Ал үй-бүлөлүк муктаждыктан улам апасы экөө манты жасап, аны кыз коомдук жайларга кыдырып сатып жүрчү. Ошол учурларда жарандар базарга же жумушка барып, айрымдары автоунааларын бекитпей кеткендигинен пайдаланып уурулук иштерин жасап жүргөн.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Уурдалган акчалардын ичинен эң ири өлчөмү 2800 доллар болгон, акчалардын айрым бөлүгү кыздын үйүнөн табылган жана ээлерине кайтарылып берилген. Мындан ары кыздын жашоосу жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
16.08.2021. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Апасы кой дебеппи ушунча акча каяктан келди деп деле кызыккан эмеспи
16.08.2021. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Gulina90,мен да ошону айтам да.
16.08.2021. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Gulina90,апасы чогуу го сыягы
16.08.2021. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жокчулуктун кесепети!
17.08.2021. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
KaGaH,жокчулуктан эмес,13жашар кыз болсо коптон бери дайыма уурдап жургон болсо демек онокот адат болуп калган.эмитен ууру болсо чонойгондо не болот.жокчулуктан Бир уурдайт,эки уурдайт курсагын тойгузат,керектуусун алат.бирок2800 долларды кичинекей кыз эмне калат
17.08.2021. 06:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бул кызды турмого каматып койгондон эмне пайда табасындар? Кептин баардыгы байларда, кедейге бере турган акыларын ушундай кыздарга берип турушпайбы. Байлардын кедейлерге бере турган улушу бар. Кырк койун бар болсо бир койду кедейлерге берип турсун.
17.08.2021. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тобоо дооругондор коп экенда. Кыз камалдф деген эч ким жок. Жашы жетпейт камаганга аны. Болгону 13 жаштагы кыз машина ларды бомбить этип жургону жаман корунуш. Жокчулукта жашайм деп эле ууру кески болуп кетиш керекпи??
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: