super.kg logo

Британияда арбак "сүйүүчүлөрү" үчүн атайын музей ачылат

 

Улуу Британиянын Сток-он-Трент шаарында паранормалдык көрүнүштөрдү жактыргандар үчүн атайын музей ачылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жарыялады.

Маалыматка ылайык, каалоочулар аталган музейде арбактардын жашоосуна саякаттай алышат, аларга аңчылык кыла алышат. Ошондой эле алар менен бир түнгө түнөп калууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Демилгечилер музей үчүн 200 жылдык тарыхы бар имаратты сатып алышкан. Аны менен бирге көптөгөн жылдардан бери ар кандай коркунучтуу сөлөкөттөрдү чогултуп келишкен.

"Мен дайыма ушундай нерсени ачкым келген. Музей үчүн керектелген каражаттарды көп жылдан бери чогултуп келгенбиз. Биз адамдарга укмуштуудай маанай тартуулагыбыз келет. Мунун баары бир чатырдын астында гана болот. Ал үчүн бизде бардык жабдуулар даяр", - деп билдирген идеянын автору Крейг Лонгсон.

Уникалдуу музейдин ачылышы август айынын аягына пландалып жатканы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: