super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев ички иштер органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Бүгүн, 1-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев ички иштер органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин Кыргыз Республикасынын Милиция кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

 

“Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

 

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Милиция кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

 

Өзгөчө  ыраазычылыгымды ардагерлерибизге билдирем. Эң татаал учурларда кыйынчылыктардын, тоскоолдуктардын алдында баш ийбей өз милдетиңерди татыктуу аткардыңар, кылмыштуулукка  каршы күрөш жүргүзүп, муктаж болгон ар бир адамдан жардамыңарды аяган жоксуңар.

 

Кылган эмгегиңердин акыбети кайтып, совет доорунда карапайым эл арасында милиция кызматкерлери чоң кадыр-баркка жана урматка ээ болгон. Азыркы күндө деле сиздер четте калбай, жаштарыбыз үчүн үлгү болуп, аларга жакшы таалим берип жатасыздар.

 

Милиция кызматкерлери оңой эмес шарттарда иштеп жатканын билип турам. Ишиңерде, жашооңордо көп жылдар бою чечилбей келген көйгөйлөр аз эмес. Буюрса, жакынкы жылдары мындай кырдаалды өзгөртөбүз. Милиция кызматкерлеринин айлык акысы кыйла жогорулайт. Алар үчүн турак жайлар курула баштайт. Укук коргоо органдарын материалдык-техникалык камсыздоо үчүн бюджеттен чоң каражат бөлүнөт.

 

Ошол эле учурда милиция кызматкерлеринен дагы көп нерсени күтөбүз. Эң башкысы – өз милдетиңерди так жана таза аткарып, элдин ишенимине ээ болушуңар керек. Мамлекеттеги туруктуулук, элдин келечеги, элдин бийликке болгон ишеними силердин ишиңерден көз каранды.

 

Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

 

Силерге чың ден соолук, бакыт-таалай, ишиңерге ийгилик, Кыргызстаныбызга тынчтык жана бейпилдик каалайм!”






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: