Ооганстандын улуттук курама командасы Токио шаарында өтүүчү Паралимпиада оюндарына катышпайт
Учурдагы оор кырдаалга байланыштуу Ооганстандын улуттук курама командасы Япониянын Токио шаарында өтүүчү Паралимпиада оюндарына катышпайт. Бул тууралуу дүйнөлүк спорт басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, оюндарды уюштуруу комитетинин аткаруучу директору Тоширо Муто: "Мунун себеби Ооганстандагы чыңалган чөйрөдө. Мен үчүн абдан өкүнүчтүү. Мен чын жүрөктөн спортчулар жана делегация мүчөлөрүнүн аман болушун каалайм", - деп билдирген.
Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында Ооганстандын улуттук курама командасы жана делегация мүчөлөрү өлкөдөгү оор кырдаалга байланыштуу Токиодо өтө турган Паралимпиадалык оюндарга катыша албайт деген маалымат тараган.
Белгилей кетсек, Паралимпиада оюндары Токио шаарында 24-августта старт алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.