Орусия: Рейд учурунда 4 кыргызстандык кармалып, үчөөсү депортацияланды
Москва шаарынын Басман районундагы рейд учурунда 4 кыргызстандык жаран кармалып, анын үчөөсү депортацияланды. Муну КРнын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Басман райондук соту 3 кыргызстандыкты административдик тартип бузууга күнөөлүү деп таап, 5 миң рублга айыпка жыкты. Ошондой эле аларды чет элдик жарандарды кармоочу атайын жайга камакка алуу чечими да чыкты.
Элчилик билдиргендей, сүйлөшүүдөн кийин аларды камакка албоо, жакын арада алардын Орусиянын аймагынан чыгып кетүүсү макулдашылды. Кармалган адамдардын жакындарынын жардамы менен аларга Москва-Бишкек каттамы боюнча авиабилет алынды. Ал эми кармалган төртүнчү жаран текшерүүдөн кийин коё берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

