super.kg logo

"Студенттердин экзамендерин бүтүрүп берем деп...". Жалал-Абадда мугалим мыйзамсыз акча алган деп шектелүүдө

 

Жалал-Абад облусунда жайгашкан жогорку окуу жайларынын биринде иштеген мугалим студенттерден мыйзамсыз акча алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-июль күнү Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан жогорку окуу жайлардын биринде иштеген окутуучу башка жарандан жумушуӊду бүтүрүп берем деп олуттуу өлчөмдө акча талап кылып жаткандыгы боюнча маалымат алынган.

Аталган маалымат Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 238-беренеси "кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, 28-июль күнү жогорку окуу жайдын А.Д. аттуу окутуучусу факультеттин деканынын кабылдамасында студенттердин сабактарынан экзамендерди бүтүрүп, баа койдуруп берем деп 10 миң 500 сом акчаны мыйзамсыз алгандыгы аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө А.Д. студенттердин аты-жөнүн жана алардан алган акчалардын суммасын кагазга жазып, ороп койгон жеринен өз ыктыяры менен тергөө кызматына тапшырган. Ал атайын тергөө аракетинин жүрүшүндө далил буюм катары алынган. Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча А.Д.га карата айыбы угузулуп, тергөө кызматы тарабынан өндүрүш иши соттун кароосуна жиберилди", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан.






Жалал-Абадда мугалим мыйзамсыз акча алган деп шектелүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.08.2021. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А.Д ким
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: