super.kg logo

Жүрөк оорусу менен жабыркаган бала үчүн. Спортчу Мария Андрейчик Токио Олимпиадасынан алган медалын сатат

 

25 жаштагы польшалык найза ыргытуучу Мария Андрейчик Токио Олимпиадасынан уткан күмүш медалын жүрөк оорусу менен жабыр тарткан баланы сактап калуу үчүн аукционго коёт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Милош аттуу баланын жүрөгүнө кымбат баадагы операция жасалышы керек. Тактап айтканда, операция бир жарым миллион поляк злотыйга (польшанын валютасы) бааланган. Бул сумманын жарымы буга чейин чогултулган.

Андрейчик медалды Олимпиададан кийин дароо сатуу планын жарыялаган. Анын баштапкы баасы 200 миң поляк злотый (4 миллион 372 миң 12 сомдун тегерегинде).

Белгилей кетсек, Мария Андрейчик 2015-жылы жаштар арасындагы Европа чемпиондугунун жеңүүчүсү. Ошондой эле найза ыргытуу боюнча Токиодо алтын медаль үчүн болгон күрөштө кытайлык Лю Шиингден утулуп калып, күмүш байгеге ээ болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: