super.kg logo

"Жездесин сабап кетип калган". Караколдо 43 жаштагы жарандын өлүмүнө шектелип кайниси кармалды

 

Каракол шаарында мас абалындагы уруш адам өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, Каракол ШИИББинин нөөмөт кызматына Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан жашы болжол менен 40-45 жаштагы кебетеси европалык болгон жаран денесинен жаракат алып түшкөндүгүн жана эсине келбей каза болгондугу жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-берене "этиятсыздыктан киши өлтүрүүгө алып келген ден соолукка оор зыян келтирүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Ошондой эле дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, аталган жаран ден соолукка оор зыян келтирүүдөн каза болгондугу тастыкталган. Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында, каза болгон адамдын аты-жөнү аныкталган. Ал Каракол шаарынын 43 жаштагы тургуну болуп чыккан.

Андан аркы иликтөө иштеринин жүрүшүндө, кылмышка шектүү аныкталып, ал каза болгон адамдын 30 жаштагы А.Ф. аттуу кайниси экени белгилүү болгон. Шектүү алгачкы суракта өзүнүн күнөөсүн толугу менен моюнга алган. Анын айтымында, кечке жуук дүкөнгө кирип, ал жерден жездесин жолуктурган. Алар дүкөндөн спирт ичимдиктерин сатып алып, чогуу ичишкен. Кызып калганда экөөнүн ортосунда уруш чыгып, ал жездесин сабап кетип калгандыгын билдирген", - деп билдиришти облустук милициядан.

Шектүү жаранга карата шаардык соттун чечими менен камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: