Ооганстанда "Талибан" кыймылы өспүрүм кыздарды күч менен аялдыкка алып жатат деген билдирүүлөр тарады
Интернет тармактарында Ооганстанга толук көзөмөл орноткон "Талибан" кыймылынын согушкерлери аймактардагы өспүрүм кыздарды күч менен аялдыкка алып жатканы тууралуу маалыматтар жарыяланууда. Бул тууралуу айрым чет элдик басылмалар өздүк булактарга таянуу менен бир катар маалыматтарды чыгарып, окуя боюнча жашыруун тартылган видеолорду да бөлүшүп жатышат.
Чет элдик гезиттердин бири "Талибан" кыймылынын аскер башчылары көзөмөлгө алынган аймактардын аксакалдарынан турмушка чыга элек аялдардын жана жаш кыздардын тизмесин жазып берүүнү талап кылып жатышканын жазып чыкты. Алар өз жоокерлерине аял алып берүү үчүн ушундай иш-аракеттерди жасап жатканы да айтылды.
Жарыяланган маалыматка караганда, талибдер айылдарда үймө-үй кыдырып, жаш кыздарды күчкө салып эле алып кетишүүдө. Айылдын аксакалдары мурда мындай көрүнүшкө 15 жаштан 45 жашка чейинкилер эле туш болуп келсе, бара-бара 12 жашар өспүрүм кыздар да талибдердин мындай жоругуна илинип жатканын айтып чыгышкан.
Ошондой эле аталган аймактарда көптөгөн кыз-келиндер үй-жайын таштап качып кетүүгө аргасыз болуп жатканы тууралуу кабарлар тарап жатат.
Дагы бир маалымат булагы талибдер көзөмөлдөгөн аймактан качып чыккан 22 жаштагы журналист кыздын айтып бергендерин жарыялады.
Анын айтымында, ага менеджери чалып, белгисиз номерлерге жооп бербөөнү жана тез арада шаардан качып кетүүнү эскерткен. Ал таякеси менен бирге шаардан качып чыгып, жакынкы айылдардын бирине барган. Бирок талибдер алардын турган жеринен кабардар болуп калышкан. Талибдер эгерде кыз ал жерден табылып калса, бүтүндөй айылдын тургундарын жок кыларын айтып коркутушкан. Бирок кыз жана анын таякеси ал жерден да из жашырып кетишкен.
Ошондой эле буга чейин талибдер басып алган аймактарда катаал ислам эрежелерин орнотуп жатканы да маалымдалган. Маселен, эркектерге сакалын алууга, өлкөнүн желегине түспөлдөш кийимдерди кийүүсүнө тыюу салынган. Ал эми аялдарга милдеттүү түрдө хиджаб кийип жүрүү жана күйөөсү жок көчөгө жалгыз чыкпоо сыяктуу эрежелер киргизилген.
Ал эми "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү жогорудагыдай маалыматтар боюнча билдирүү таратып, аларды толугу менен четке кагууда.

Дин менен жашаган коомдо аял затынын орду төмөн болот. Бети башын ороп, чүмкөп жүргөн аялдарга эч качан сүйкүмдүү, жагымдуу мамлие болбойт коомдо. Ошондуктан аял заты дайыма сырткы келбетине сулуу, жагымдуу алып жүрүшү керек, чачтарына мыкты жасалга жасап, жайып, жарашыктуу, көзгө жагымдуү кийинип жүрсө, ошондо аялдарга көңүл бурулат.
Бийликке пахта коюп буто албадынар да дакансалар.......
Же илгеркилер акылсыз, силер акылдуусунарбы? Илгери Курманжан датканын жанында аалым молдо кожолор болгон. Динден кабары бар датка энебиз да кыргыз кийими менен жургон, намазын окуп коюп...
Азыр да вакцина албагыла, палан-тукун болот деп кайра эле чала молдо дин бузарлар элди дурботуп журот соц.тармактарда, ватсапта...
Ооруга диний фанаттар маани бербей жатышты эле. Былтыры 1 ай ичинде казак менен кыргыздын алдынкы дин аалымдары бул оорунун айынан каза болушту. Бирок арадан 1 жыл отпой чала молдо дин бузарлар кайра коомду болуп жарып ар кандай терс угутторду жургузуп келет...
Эгер олкодогу дин эркиндигин жонго салып козомолго албаса, Кыргызстан экинчи Афганистанга айланат келе
Эмне, чындык жакпай жатабы? Чын болгону учун да чычалап чыктынар.......