super.kg logo

АКШнын президенти Жо Байден Ооганстандан аскерлерди чыгарып алганына өкүнбөй турганын билдирди

 

АКШнын президенти Жо Байден Американын аскерлерин Ооганстандан чыгаруу боюнча кабыл алган чечими үчүн эч качан өкүнбөй турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Мен өз чечимиме бекем турам" деп билдирген өлкө жетекчиси.

Ошондой эле ал АКШ Ооганстандагы "Аль-Каида" террордук кыймылы менен күрөш жүргүзүүдө бардык максаттарына жеткенин жана мындан ары башка өлкөлөрдөгү террордук топтор менен күрөшүү керектигин белгилеген.

Эске салсак, АКШ аскерлерин Ооганстандын аймагынан расмий түрдө чыгарып кеткенден баштап "Талибан" кыймылынын согушкерлери менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы тирешүү күчөгөн. Бара-бара талибдер Ооганстандын аймактарында үстөмдүгүн күчөтүп, өлкөнүн чоң шаарларын ээлей башташкан.

Өткөн жекшембиде согушкерлер борбор шаар Кабулду камоого алып, бүтүндөй Ооганстанга көзөмөл орнотконун жар салган. Ал эми өлкө башчысы Ашраф Гани президенттик кызматынан баш тартып, чет өлкөгө качып кеткени кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
17.08.2021. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ИГИЛ, АЛКАИДА, ТАЛИБАН деген уюмдардын баары акшнын секрет службасынын негизинде түзүлгөн, же өздөрүнүн атайын уюшулган кызматтары. Алардын мусулмандарга эч кандай тиешеси жок, болгону мусулман кейпин кийип, исламды жаман жака пропагандалоо аракети!
17.08.2021. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
KG-312, Тууганым, Талибандар сен айткан адамдар эмес!!! Этият болуп сүйлө, ыймандан чыгып кетпе!!!
Bekturbek түзөттү 2021-08-17 14:16:42
17.08.2021. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Bekturbek, Ыймандан чыгуумду же чыкпоомду сен чечпейсиңда, так что мага ыйман жөнүндө сөздү жазбай эле кой. Анан талибандардын тарыхын окучу, бирок туура тарыхтан оку орустун бурмаланган китебинен окубай!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: