super.kg logo

"Бизде тандоо жок болчу". Ооган аскерлери Өзбекстанга качкандыгы тууралуу түшүндүрмө беришти

 

Талиб согушкерлери Кабулду басып алгандан кийин ооган аскерлери Өзбекстанга качкандыгынын себебин айтышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жазылды.

Маалыматка ылайык, Өзбекстанга келген аскерлер жеке курал-жарактарын берүүгө даяр экенин билдиришкен.

"Талибдер Кабулду алышты. Биз согуш талаасынан качтык. Башка айлабыз жок болгондуктан, бул жакка келүүгө аргасыз болдук", - деп түшүндүргөн аскерлердин бири.

Эске салсак, 15-августта Сурхандарья облусунун Шерабад районунда Өзбекстандын Коргоо министрлиги аба коргонуу күчтөрү чек арадан өтүп кеткени үчүн ооган аскердик учагын атып түшүргөн.

Белгилей кетсек, жекшембиде "Талибан" кыймылы Ооганстандын борбору Кабул шаарын басып кирип, өлкөгө толугу менен көзөмөл орнотконун жар салган.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.08.2021. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кантип эле 200 миң аскери бар, күчтүү делген афган аскери бат эле талибдерге берип койду! Бул жерде чооң саясат бар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: