Милиция Бишкекте коомдук тамактануучу жайда ок чыгарган адамдарды издеп жатат
Бишкекте коомдук тамактануучу жайда ок чыгарган адамдар изделип жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-август күнү Токомбаев көчөсүндө жайгашкан коомдук тамактануучу жайдын унаа токтотуучу жайында ок атуу менен коштолгон видео интернет желесине тараган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене "ээн баштык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда Октябрь РИИБинин милиция кызматкерлери тарабынан тергөө амалдары уланып, аталган кылмышка катышкан адамдар изделип жатат.
Милиция Бишкекте коомдук тамактануучу жайда ок чыгарган адамдарды издеп жатат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.