super.kg logo

"Өзүн шассиге байлап алганы божомолдонду". Кабулдан учак менен кошо келген адамдын жансыз денеси табылды

 

Дүйшөмбү күнү Кабулдун аэропортунан учуп чыккан америкалык С-12 учагынан ооганстандык жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Ал эми окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Маалыматка ылайык, шассиге байланган жаран учак менен кошо учуп кете берген. Аны жүргүнчүлөрдүн бири учактын терезесинен байкап калып, видеого тартып алган. Видеодо шамалга желбиреп бара жаткан адамдын карааны даана байкалат.

Ал эми аталган учак орто жолдон "убактылуу жараксыз" деп табылгандыктан учкучтар жакынкы аэропортко конууга аргасыз болушкан. Учак аба майданга конгондон соң шассиде желбиреп бара жаткан караан адамдын жансыз денеси экендиги аныкталган.

Каза болгон жаран өлкөдөгү акыркы абалдан улам чет өлкөгө учуп кетүүгө аракет жасап, шассиге өзүн-өзү байлап алганы божомолдонууда.

Эске салсак, "Талибан" кыймылы бийликке келген соң миңдеген оогандыктар өлкөдөн чыгып кетүү үчүн Кабул аэропортуна агылып, бир топ башаламандыктар менен коштолгон. Андан соң жерден көтөрүлүп бара жаткан учактын ар кайсы бөлүктөрүнө жармашып кетүүгө аракет кылган жарандардын жерге кулап жаткан видеосу тараган. Бул окуяда 7 адам каза тапканы да маалымдалган.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






Учакка байланган оогандык

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
18.08.2021. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бляя..ушинтип олгондон коро оз жеринде олгон артыкго
18.08.2021. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Окубаган түркөйлүктүн белгиси. Акылы соо адам учакка жармашабы?
18.08.2021. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айласыздан ошол жолго бардыда байкуш.Жаткан жери жайлуу болсун.
18.08.2021. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карангылыктын жеткен чеги. 21кылымда да ушул ишти кылган адамдар барбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: