super.kg logo

Испанияда акула жээке чейин сүзүп келип, пляжда эс алып жаткан адамдарды коркутту

 

Жер Ортолук деңизинин жээгинде жайгашкан испан курорттук Бенидорм шаарында чоң көк акула жээкке сүзүп өтүп, Пониенте кум жээгинде эс алып жаткан адамдарды коркуткан. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Видеодо көрүнгөндөй, көк акула жээкти бойлой сүзүп, кургактыкка чейин чыккан. Бул учурда жергиликтүү полиция бөлүмүнүн кызматкерлери жана куткаруучулар келип, адамдардын сууга түшпөөсүн жана акулага жакындап келбөөсүн көзөмөлдөп турушкан. Андан тышкары, аталган жерге тик учак менен эки кайык жөнөтүлгөн.

"Бул акула абдан чоң болчу, узундугу эки жарым метрдей. Ал сууда чайпалып жатты. Мен акулага жакын келип ачуусуна тийгим келген жок, анткени анын мага оор жаракат алып келүүсү толук мүмкүн эле", - дейт 36 жаштагы британиялык турист Кристин Кеттли.

Эскерте кетсек, көк акула - дүйнөдө эң көп таралган акулалардын түрлөрүнө кирет. Алар субтропикалык жана мээлүүн зоналардын жылуу сууларында жашашат. Көк акуланын орточо узундугу үч жарым метрден төрт метрге чейин жетет. Орточо салмагы 150-200 килограмм. Буга чейин көк акулалардын адамдарга ондогон себепсиз кол салуулары катталган.






Акула жээке сүзүп, пляжда эс алып жаткан адамдарды коркуткан

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.08.2021. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Оор жаракат эмес эле жеп салбайбы.
17.08.2021. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анча деле чон эмес экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: