super.kg logo

Фейсбук талибдерге тиешеси бар бардык баракчаларды өчүрөт

 

Фейсбук социалдык тармагы "Талибан" кыймылын террордук уюм деп эсептей турганын билдирди. Андыктан аларды колдоого үгүттөгөн ар кандай чакырыктарды аталган тармакта жарыялоого жана таратууга тыюу саларын белгиледи. Бул тууралуу Фейсбук компаниясынан билдиришкенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, компания эл аралык коомчулуктун чечимин колдойт жана аларга Фейсбук тармагынын кызматтарынан пайдаланууга тыюу салат.

"Бул нерсе биз талибдердин же алардын атынан кирип жаткандардын баракчаларын өчүрөбүз дегенди билдирет. Ошондой эле алар тууралуу колдоо, даңазалоо сыяктуу маалыматтарга толук түрдө чектөө коюлат", - деп билдиришкен компаниянын өкүлдөрү.

Ошондой эле талибдерге байланышкан маалыматтарды көзөмөлдөөчү ооган эксперттеринен турган атайын топ бар экенин кошумчалашкан. Аны менен бирге бул нерсе Фейсбуктун карамагындагы бардык тармактарга, айрыкча Инстаграм менен Вотсапка да тиешелүү экендигин баса белгилешкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.08.2021. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар. Талибтердин заманы көпкө деле узабайт. Шариятты шылтоо кылып аялдарды кордука алып, ар кандай эрежелерди тануулап, аялдарды оз менчигине айлантып, буюм катары мамиле кылган шариятчыл акмактарды жок кылыш керек. Афганистан светтик мамлекетке отуш керек жана мамлекет эски диний шарият менен эмес мыйзам менен гана жашаш керек. Шарият менен бейишке чыгасынар деген жомокторду токтотуш керек.
ayzhan12 түзөттү 2021-08-18 01:45:57
18.08.2021. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жок кылышы керек талибтер тууралуу видео жанылыктарды.А то фейсбук,инстаграмм толуп кетти бир жумадан бери талибтерге!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: