Ошто суу сактагычка чөгүп кеткен 23 жаштагы баланы издөө иштери жыйынтык берген жок
Ошто суу сактагычка 23 жаштагы эркек бала чөгүп кетти. Аны издөө иштерине жалпы 8 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу токтотулду. Бул туурасында Өзгөчөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашат.
Маалым болгондой, Кара-Суу районунда Кемпир-Абад суу сактагычына 1998-жылы туулган Э.А. аттуу эркек бала чөгүп кеткен.
"Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 16:03тө 3 куткаруучу, саат 17:25те 5 куткаруучу тартылды. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери саат 20:30да убактылуу токтотулду. 18-август күнү тиешелүү иштер улантылат", - дешет мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:22
2026-03-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















