Бишкек ШИИББи: "Ооганстан тууралуу эски видеолорду таратпагыла"
Бишкек шаардык милициясы жарандардан Ооганстан тууралуу эски видеолорду таратпоону өтүнөт. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Учурда WhatsApp аркылуу Ооганстанда адамдардын өлүм жазасына тартылган видеолору тарап жатат. Бул тасмалар азыркы Ооганстандагы окуяларга эч кандай тиешеси жок. Ал видеолор бир нече жыл мурун Сирияда тартылган.
Биз силерден суранып кетебиз, ар кандай провокацияларга алдырбагыла жана андай видеолорду ар кимге таратпагыла", - деп кайрылат Бишкек ШИИББи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.