Баткен. Катраң айылындагы чыр жараткан алтын кенинин иштөөсү убактылуу токтотулду





Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Катраң айылындагы алтын кенине байланышкан чыр-чатакты токтотуу үчүн жергиликтүү жетекчилер менен укук коргоо органдары аталган айылга барышып, чыр жөнгө салынган. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков элдин талабы менен таанышып, 1-декабрь күнү митингге чыккандар менен жолугуп, түзүлгөн кырдаал боюнча чара көрүлгөндүгү тууралуу маалымдады. ”Менин сиздердин талаптарыңыздар тууралуу маалыматым бар. Айтылган талаптарга ылайык, биз атайын өкмөттүн деңгээлинде комиссия түзгөнбүз, ошол комиссиянын изилдөө иштеринин жыйынтыгы чыкканга чейин "A.Z.International" алтын чалгындоочу компаниянын лицензиясы токтотулат”,- деп билдирди Ж.Разаков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

