super.kg logo

Өлкөдө COVID-19дун альфа жана бета варианттары аныкталды

 

Өлкөдө COVID-19дун альфа жана бета варианттары аныкталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өлкөдөгү кеңсесинин башчысы Назира Артыкова брифинг учурунда билдирди.

Ал белгилегендей, ушул жылдын апрель айында Кыргыз өлкөсүндө В.1.1.7 (альфа) вариантынын штампы табылган, ал эми июнда В.1.351 (бета) варианты табылып, чоң тынчсызданууну жаратууда.

Мындан тышкары ал Кыргыз өлкөсүнүн калкынын эмдөөдөн өтүшү тууралуу айтып берди. Бүгүнкү күнгө карата 849 миң 576 адам эмдөөдөн өтүп, алардын 8,8 пайызы вакцинанын биринчи дозасын, 3,9 пайызы экинчи дозасын алган.

Ошол эле учурда эмдөөнүн темпи мурунку аптага салыштырмалуу 40,9 пайызга төмөндөп, чоң өкүнүчтү жаратууда.

"Вакциналар варианттардан келип чыккан оор илдеттерге каршы эффективдүү: бирок глобалдык түрдө COVID-19га каршы вакциналарга бирдей жана акыйкат жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселеси чечилбесе, варианттар пайда боло бериши мүмкүн", - деп жыйынтыктады Назира Артыкова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: