super.kg logo
  Спорт  

"Токио-2020": Машыктыруучу Нурбек Изабеков Олимпиадага ашыкча адамдар барбаганын айтты

 

Токио шаарында болуп өткөн XXXII жайкы Олимпиада оюндарына барган Кыргыз делегациясында ашыкча адам болгон эмес. Бул тууралуу кыз-келиндер курамасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков Биринчи радиого берген маегинде айтты.

Эфир учурунда Изабековго Токиого машыктыруучулардын көп барганы, анын ордуна балбандардын биринчи машыктыруучулары, аталары барса болмок деген суроо берилди.

"Токио Олимпиадасында ашыкча киши болгон жок. Мээрим Жуманазарованын атасы анын биринчи машыктыруучусу. Аны айылдан алып келип, анын жеке машыктыруучусу Чынарбек Изабековго өткөрүп берген. Башкы жана улук машыктыруучулар мамлекеттик деңгээлде иштеген жана бүтүндөй команда үчүн жооптуу адистер.

Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын вице-президенти жана Азия күрөш биримдигинин мүчөсү. Ал барышы керек болчу, ошондуктан барды. Байгазы Кенжебаев эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасынын улук машыктыруучусу, ошондой эле кыз-келиндер күрөшүнүн негиздөөчүсү", - деди Изабеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
18.08.2021. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байтерек и жер буттубу? Аня неге айтпайсын? Ал эмне себептен барганын?
18.08.2021. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мелис Дзюдо боюнча да, ал барбаш керек болчу, себеби бизден дзюдо боюнча эч ким барбадыго...
20.08.2021. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Машыктыруучу катары мыкты болгону менен адамкерчилиги жок окшойт. Бийликке жан тартып жатканында бир мандем бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: