super.kg logo

ЖМК: "Кабулда аялдар "Талибанга" каршы нааразычылык акциясына чыгышты"

 

Ооганстандын борбору Кабулда аялдар талибдер шаарды басып алгандан бери биринчи нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, видеолорду жарыялап жатышат.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-августта NBC телеканалынын журналисти Ричард Энгел Твиттерде талибдер өлкөнү кайра көзөмөлгө алгандан кийин өз укуктары үчүн митингге чыккан ооган аялдарынын видеосун жарыялап, “Эр жүрөк ооган аялдары Кабулда өз укуктары үчүн нааразычылык акцияларын өткөрүп жатышат” деп жазып калтырган.

Алардын плакаттарында “Жумуш, билим жана саясатка аралашуу – ар бир аялдын укугу” деп жазылган.

Эске салсак, “Талибан” кыймылынын алгачкы жарлыктарында аялдарга милдеттүү түрдө хиджаб кийип жүрүү, махрамсыз (жакын эркек тууганы) көчөгө жалгыз чыкпоо сыяктуу эрежелер киргизилген.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
18.08.2021. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акция бүтсө баарыңды атып өлтүрөт бул намыссыздар...
18.08.2021. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бектурган,талибандарбы????
18.08.2021. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бектурган,атпайт. Аялдарга иштөөгө , окууга, жалгыз көчөгө чыгууга уруксат берилди. Негизги талабы хиджап кийсин деди.
18.08.2021. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динди шылтоо кылып, аялдарды басынтканды токтоткула. Аялдар диний эмес, светтик гана билим алуусу керек. Билимдүү аял - ​​акылдуу, ойлонуучу жана ойлонгон адам. Мындай аялды адаштыруу, мээсин жууп кетүү кыйын. Билимдуу аял көп нерсени билет, өзүн далилдей алат. Мындан тышкары, билим бардык жерде - күнүмдүк жашоодо да, жумушта да, коомдо да пайдалуу болот.
Билими жок динди жактагандар орой жана жакыр жана бактысыз болушат.
ayzhan12 түзөттү 2021-08-18 13:11:57
18.08.2021. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ayzhan12, бул жерде клавиатураны ьаскылап кыйкыра бербей ошол жакка барып кыйкырып короттурсун балким. Ошол жактан жакшылап тушундуруп коет же сен тушундуруп келесин. Больосо бул жактан айтканын менен авгандар окубайт
19.08.2021. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек аялдар экен коркбогон коп эркектери качып кетти президенти баш болуп аларга караганда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: