super.kg logo

"Мал кайтарган эмгек акымды мал менен баалашкан...". Ысык-Көлдө эне менен баланын өлүмүнө шектелген жарандын иши сотко өттү

 

Ысык-Көл облусунда эне менен баланын өлүмүнө шектелген жарандын иши сотко өтүп каралып жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"23-августта дагы соттук отурум болот. Өкүм качан чыгары белгисиз", - деди басма сөз кызматынан.

Ушул жылдын 1-февраль күнү кечки саат 20:00 чамасында Кашат айылындагы турак үйдөн 1967-жылы туулган И.Ж. аттуу аялдын жана анын 1992-жылы туулган уулу И.К.нын жансыз денелери табылган. Бул окуя Ысык-Көл РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Шектүү издөө иштеринин натыйжасында, Бишкек шаарынан кармалган. "Шектүү каза болгон эне менен баланын малын бакчу. Тактап айтканда, алардын малчысы болуп иштеп келген. Ортодо ызы-чуу мал боюнча чыккан. Буга чейин дагы шектүү алардын малын багып жүрүп, өзүнүн эмгек акысы катары бир жылкыны сатып жиберген. Бирок ага эне-бала макул болбой милицияга арыз жазып, баланы соттотуп жиберишкен. Жазасын өтөп келгенден кийин кайрадан алардын малын багып жүргөн. Уруш шектүүнүн эмгек акысын малга баалап бергенден улам чыккан", - деп айтып берген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
18.08.2021. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акысын бербей какшатканда мал каратып кулдай кылып
18.08.2021. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кимге пайда кимге зыян эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: