"Террорчунун улуту жана дини болбойт". Бишкек ШИИББдин кезектеги ролиги жарыяланды
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы террорчу түшүнүгүндө кеңири жайылган стереотиптер жөнүндө видеоролик даярдады.
Видеонун сюжетинде террордук кылмыштарга каршы күрөшкөн ыкчам топ уюшулган террордук чабуулдун алдын алууга жетишип, шектүү адамды кармаганы баяндалат. Ал эми бул учурда көрүүчүлөрдө видеодогу динге ылайык кийинген адам кылмышкер деген ой жаралат. Бирок шектүү сырткы келбети башкалардан айырмаланбаган жаран болуп чыгат.
Роликтин аягына "Стереотиптерге ишенбе. Террорчунун улуту жана дини болбойт" деп жазып калтырышкан авторлор.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
"Стереотиптерге ишенбе" Бишкек ИИБнин видеосу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.