super.kg logo

Москвада 19 жаштагы кыргыз кызы бычакталып өлтүрүлгөндүгү айтылууда

 

Орусиянын Мытищи шаарында 19 жаштагы кыргыз кызын өлтүрүүгө шектелген адам кармалып, тергөө иштери жүргүзүлгөн. Бул тууралуу бир катар чет элдик жана жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, 2021-жылдын 6-августунда Мытищи шаарынын Биринчи Крестянская көчөсүндө белгисиз эркек адам жаш кыздын сумкасын колунан сууруп алууга аракет кылган. Кыз кол салган адамга каршылык көрсөткөндө, шектүү анын чачынан кармап, далысына кеминде 9 жолу бычак сайган. Кыздын жардам сурап кыйкырганын эжеси угуп, "Тез жардам" кызматын чакырган. Тилекке каршы, ага жетпей эле үйүнүн алдында каза болгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

11 күндөн кийин байкоочу камералардын жардамы менен 46 жаштагы украиналык адамды шектүү катары кармашкан жана ал күнөөсүн моюнуна алган.

Бул маалымат боюнча элчиликке байланышканыбызда бир аздан кийин маалымат беришерин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(14)
18.08.2021. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бийликте Жапаров, Ташиев деген эки окшошкон "колхоз" отурат. Бир жылдан бери бир завод же фабрика курушкан жок. Эч болбосо бааларды козомолдоп, пенсия-пособиени инфляцияга жараша которо алышкан жок. Олкодогу кымбатчылык жана жумушсуздуктан эл кредит алып болсо да, 50-70 минден авиабилет алып Россияга чыгып кетишти, уй-булосун бакканы. Авиакаттамдар бут калыбына келгени менен, Россияга билеттин баасы кымбат бойдон калды. Мурунку 8-15 мин сомдук билеттер азыр 28-35 мин сомдон сатылууда.
18.08.2021. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Antiradikal3,чоңойгондо жомокторду аз окуш керек.
Ташиев же Жапаров эмес, башкы себебин изде. Башкы себеби кыргыз элинин кайдыгерчилиги, саткындыгы, жана көрө албагандыгы.
Кыргыз кыргызды бутунан тартып, мен болчом экен дейт экен.
18.08.2021. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Rifle_I, эй даканса! Ташиевдин кочук аарчыгычы....

Кыргыз эли бир бутун болуп колдоп берди го Жапаровду, шайлап! Референдумун да колдоп берди. Эшек такалап отурабы сенин "колхоз" шефтерин? Бир туруп 2 суу сакиагычты бере калалы дешет. Бир туруп казино ачалы дешет. Бир туруп электр энергиясына бааны которо калалы дешет. Бир жылдан бери эмнени кыйратышты? Же бааларды козомолдой албаса. Же чек араны коргой албаса. Же коншулар менен, Россия менен тенаиа суйлошо алышпаса...
19.08.2021. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Antiradikal3,
Ташиев менен Жапаровго тийип алсаң да, аларга каршы согуш жарыяласаң мага абсолютно погуй. Ташиев же Жапаров менин тууганым же башка таанышым эмес. Кыргызстандын президенти деп гана билем Жапаровду.
Диалог курууга жарай турган адам эмес окшойсуң. Кемсинтин кирипсиң. Окуй бер жомокторду дагы.
Россия менен тең тайлаша сүйлөшө турган саналуу гана мамлекет бар. Кыргызстандын абалында кандай рычаг колдоносуң сендей саткындар турганда?
18.08.2021. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Antiradikal3,30 жыл талкалаган мамлекетти алты айда кургудай Жапаров сыйкырчыбы?
18.08.2021. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
IOA, колунан иш келген адам 3 айда результат корсотот. Жапаров октябрда бийликке келген. 10 айдан бери бийликте. 10 айдан бери бааны козомолдогондун оруна элди тоноп жатат. 30 сомдук бензин 10 айда 57 сомго чыкты. Курулуш материалдары 20%дан 100%га чейин кымбаттады. Азык-тулук кеминде 30-40% кымбаттады. Мына ошону чечууго 3-5 жыл керекпи не? Авиакаттамдардын баасын жонго салуу ушунча кыйынбы не? Кумторду тарс эттире жаап туруп анан соттук териштируулорду баштоо кыйынбы не?!
18.08.2021. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
IOA, коррупция менен курошобуз деди. Кана Раим миллионер камакта жатканы? Сарпашев азыр камактабы эмне? Акаевди урматтап тосуп алып узатып койгонун кандай тушунсо болот? Коррупционер деп кармалып жаткандар кайра эле акталып жатат го. Ушулбу коррупция менен курошкондору?!

Криминал менен курошом деди эле, Колбаевдин жаш баласы болгону учун сот бошотуптур. Соз жок... Бала эмизет деп кошумчалап койбоптур сот. Башка криминалдар да бошоп кетишти. Текебаев элчи болот имиш.
18.08.2021. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
IOA, Кана, кайсы кыйраткан иши учун сендей дакансалардын шефтерин мактаса болот? Коррупция менен, криминал менен курошуп жатабыз деген шоусу учунбу? Элге цирк койгонун мактайлыбы? Же Россияга бир чимкирикти элчи кылып койгонунбу? Же Путиндин астында чоголоп, Россия менен Кытай Кыргызстандын ички саясатына мурдун тыгып жатканы учун кубаналыбы? Же Баткенде каза болгон 35 маркумдун жакындары кубанышсынбы? 10 ай ичинде кайсы кыйраткан иши учун сенин "колхоз" шефтеринди колдойлу, айтчы?!!
18.08.2021. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жириновский эмне дейт экен эми ?
18.08.2021. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин акмак бийлик олкодо жумуш орундарын тузуп, бааларды козомолдоп, айлык-маянанын олчомун кобойтсо, мигранттардын баары болбосо да бир тобу кайтмак Кыргызстанга.

Айла жоктун иши болуп талаалап иштегени кетип, чет жерде кордук коргон кыргыздардын убалы Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков жана Жапаровду уктатпасын. Чет жерде мындай зомбулук коруп каза болгондордун жакындарынын ый-наалаты бийликте отургандарга тийсин..... Бийликтин куноосу чон бул жерде.....
18.08.2021. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Садыр лох эчтекеге жарбайт
18.08.2021. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Umar7,лохту шайлагаг озубуз да лох экенбиз.бул турушунда кыргызстанды жок кылат бул эшектер
19.08.2021. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыргыздын кыздары ушинтип кордолуп талаалап журбөйт эле эгер кыргыздын эркектери чыныгы эркек болгондо.Ар бириң өзүңдү оңдо чырылдап Жапаров менен Ташиевке асылбай.
19.08.2021. 07:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ruslankg, Жапаров менен Ташиевдин астында жатып берген жанагылардан окшойсун........
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: