Талибдер улуттук желекти колдоо митингине чыккандарга ок чыгарды
Талибдер Ооганстандын Нангархар провинциясындагы өлкөнүн улуттук желегин колдоо митингине чыккан жарандарга ок чыгарышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Баш аламандык учурунда чыгарылган октон улам 2 адам каза таап, 12 адам жаракат алганы кабарланды.
Буга чейин Ооганстанда талибдерге каршы аялдар да митингге чыкканы маалым болгон.
Эске салсак, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
Нангархар провинциясындагы митингде талибдер тарабынан ок чыгарылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Динчилдер эмне жакшылык кылып жатышыптыр адамдарга. Талибтер ашкере динди жактаган учун ушун кылмышка барып жатышат.