super.kg logo

Жалал-Абад ОИИБи: "Наристесин дааратканага таштаган кызга психикалык экспертиза дайындалды"

 

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда дааратканага ташталган ымыркайдын энеси зордукталганын айтып чыкты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан жетекчиси Нурдин Жээнтаев билдирди.

"Суракта кыздан наристенин атасы ким экендигин тергөөчү сураган. Анда ал окуя Бишкек шаарында болгонун, чала таанышы Б. аттуу бала тарабынан зордукталып натыйжада боюнда болуп калгандыгын айткан. Бул көрсөтмөсүнүн негизинде материал жеринде караштуулугу боюнча Бишкек шаарына жиберилет.

Бирок учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүлүп жатат. Экспертизанын жыйынтыгы менен иш аягына чейин тергелип, юридикалык баа берилет", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда белгисиз жаран дааратканага жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап кеткени тууралуу кабарланган. Андан соң наристенин апасы табылган. Эки күн жаш эне наристеси менен Токтогул райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө дарыланып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.08.2021. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайда баратабыз???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: