super.kg logo

Кабулдун аэропортундагы баш аламандыкта 40ка жакын адам каза болгону айтылды

 

"Талибан" кыймылынын аскер башчысы Мохибулла Хекмат Кабулдун аэропортундагы баш аламандыкта 40ка жакын адам каза болгонун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жарыяланды.

Аскер башчы аба майданындагы тополоң орун алардан мурун бардык Кабулдун жашоочуларын чет өлкөгө кетүү керектиги жөнүндө ар кандай жалган ушактарга ишенбөөгө жана аэропортко келбөөгө чакырганын кошумчалаган.

"Алар чет өлкөлүк учактардын астынан чыгып кармабаш керек эле. Эгер алар үйлөрүнөн чыкпаганда, мындай көйгөй жаралмак эмес", - деп билдирген аскер башчы.

Эске салсак, 17-августта "Талибан" кыймылы Ооганстандагы бийликти колуна алгандан кийин Кабулдун миңдеген жашоочулары өлкөдөн чыгып кетүү үчүн аэропортко топтолушкан. Бирок аталган аба майданында бардык коммерциялык каттамдар токтотулганы маалым болгон.

Көп өтпөй интернет тармактарында качкындарды алып кетүү үчүн келген америкалык учактын алдына жүгүрүп, айрымдары ар кайсы бөлүктөрүнө жармашып кетүүгө аракет кылып жаткан адамдардын видеосу тараган. Ошондой эле бийиктикке көтөрүлүп бара жаткан учактан кулап түшүп жаткан жарандардын видеосу да жарыяланган.

Айрым булактар АКШнын учагы менен 640 оогандык жаран ийгиликтүү Катарга жеткирилгенин билдирип, сүрөттөрү менен бөлүшкөн.

Мындан тышкары аэропорттогу баш аламандыкты басуу үчүн америкалык аскерлер тарабынан асманга ок атылып жатканы да белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: