super.kg logo

Ооганстандын президенти каякта баш калкалап жатканы белгилүү болду

 
Ооганстандын президенти Ашраф Гани каякта экени белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ооганстандын президенти Ашраф Гани үй-бүлөсү менен кошо Бириккен Араб Эмираттарында баш калкалоодо. Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымдалгандай, Ооганстандын башчысы жана анын үй-бүлөсү аталган өлкөдө "гуманитардык себептер менен" кабыл алынды.
Айта кетсек, Ооганстанды 2014-жылдан бери жетектеп келген Ашраф Гани 15-август күнү түштөн кийин "Талибан" кыймылы Кабулга киргенде өлкөдөн чыгып кеткен.

Алгач маалымат каражаттары Гани Тажикстанга, Өзбекстанга же Оманга кеткенин жазып чыгышкан.
"Ошондой эле Ашраф Гани чоң суммадагы накталай акчаны өзү менен кошо алып кеткени тууралуу да маалыматтар айтылууда. Төрт машина акчага толгон, алар акчанын калган бөлүгүн тик учакка салууга аракет кылышкан, бирок баарын алып кетүүгө ыңгайы келбей акчанын бир бөлүгү учуу талаасында калып калган", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
18.08.2021. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Онуккон заманда баарын накталай, жуктогон го
18.08.2021. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Качкындар Канада Европага, АКШга жашап эмне кылышат. Араб эмираттарына, Аравияга барышпайбы. Бирок арабтар качкын мусулмандарды кабыл алышпайт.
18.08.2021. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ayzhan12,озун сурап,озун жооп бересинго))
19.08.2021. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akylbek.kg, туура))), кыздар чачын жазып алып барса деп кошуп койбоптур))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: