Ооганстандын президенти элине кайрылуу жасап, жакын арада өлкөгө кайтып барарын убада кылды
Ооганстандын президенти Ашраф Гани ооган элине кайрылуу жасап, ал тургай жакын арада өлкөгө кайтып барарын убада кылды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ашраф Гани өзүнүн кайрылуусунда Бириккен Араб Эмираттарында экенин тастыктады. Ал Ооганстандан кетүүгө аргасыз болгонун билдирген. Мамлекет башчысы жакын арада өлкөгө кайтып келүүгө убада берген.
"Мен Кабулда орун алган окуянын чоо-жайын кийинчерээк айтып берем. Мен Ооганстандан чыгууга аргасыз болдум. Себеби кан төгүү орун алышын каалаган жокмун", - деген ал өз кайрылуусунда.
Ашраф Гани ошондой эле чоң суммадагы акчаны өлкөдөн алып чыккандыгы тууралуу маалыматты негизсиз деп атаганы жазылат маалыматта.
Айта кетсек, Ооганстанды 2014-жылдан бери жетектеп келген Ашраф Гани 15-август күнү түштөн кийин "Талибандар" Кабулга киргенде отставкага кеткенин жарыялап, өлкөдөн чыгып кеткен.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
4

Комментарийлер(3)
SHaidulda

19.08.2021. 00:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайтып бараарына 20процент Гана ишеним болбосо ишенич ото кыйын
ayzhan12

19.08.2021. 01:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Афганистан светтик мамлекет болгондо гана өлкөдө өзгөрүүгө жол ачылат. Жаштарга диний эмес, светтик билим аркылуу дуйно таанымын кенейтуу керек. Бирок шариятты жактаган каракчы талибандар жаңы муунду өстүрүп чыга албайат. Талибтер оздору эски кылымдагы диний тушунук менен азыркы жаштарды орто кылымга жетелеп кетти. Дин эч качан азыркы замандын, жаны муундун табигый муктаждыктарына, кызыкчылыктарына жооп бербейт.
ayzhan12 түзөттү 2021-08-19 01:03:37
zilish_kg

19.08.2021. 01:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ayzhan12, Светтик мамлекет деп эмнени түшүнөсүн ? Ооганстан жана анын элдери өздөрүнүн тагдырын өздөрү чечишет биз аларды сындай турган денгээлге жете элекпиз.Көпчүлүк мусулмандар идеалдуу эмес- а Ислам идеалдуу башка диндин өкүлдөрү жөндөн жөн кабыл алышпайт да. Диний билим керек, руханий жактан өнүгүп өсөсүн ошол эле убакта динди деп азыркы жашооңду, азыркы жашооңду деп диниңди унутпа теңдикти карма дейт. Башка нерсеге сын айтсаңда динге карата сын айтпа, мусулмандарга гана эмес башкаларга да
zilish_kg түзөттү 2021-08-19 01:50:12
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.