super.kg logo

Ноокат, Кара-Суу, Жумгал райондору коронавируска каршы эмдөө боюнча лидерлик кылууда

 

Эмдөө өнөктүгү башталгандан бери республикада биринчи доза менен 605 миң 603 адам эмделди. Коронавируска каршы эмдөө алуу боюнча Ноокат, Кара-Суу, Жумгал сыяктуу райондору лидерлик кылууда. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Биздин стратегиялык милдетибиз - Кыргыз мамлекети жашыл зонага кайтып келиши үчүн калктын 70 пайызын эмдөөдөн өткөрүп, жамааттык иммунитетти калыптандыруу", - деди саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратында, ведомстволук жана структуралык бөлүмдөрүндө иштеген 2 миң 978 кызматкердин 2 миң 311и эмдөөдөн өттү.

"Ошол эле учурда коронавирус инфекциясы менен ооруган же жаңы сакайган жана ошол себептен эмдөөдөн өтпөй калган кызматкерлер бар экенин белгилейбиз. Дагы айта кетүүчү нерсе кызматкерлердин ичинен 21и кош бойлуу жана 25 кызматкерге эмдөөгө каршы көрсөтмөсү болгондуктан алууга болбойт", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: