Бир күндө 20 миңден ашуун жаран коронавируска каршы эмделди
Соңку 24 саат аралыгында өлкө боюнча 21 миң 91 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Анын ичинен биринчи дозаны 8 миң 653 жаран алса, экинчи доза менен 12 миң 438 адам эмделгенин республикалык штабдан кабарлашты.Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасы менен 605 миң 603 адам эмделди.
Өлкөдө коронавируска каршы Синофарм, Спутник-V, Астра Зенека вакциналары колдонулууда. Калкты массалык эмдөө кампаниясы 11-июлда старт алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:19
2025-11-20
16:49
2025-11-20
15:16
2025-11-20
15:01
2025-11-20
14:56
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















