super.kg logo

Ош жана Жалал-Абадда газдаштыруу үчүн пайызсыз бөлүп төлөө

 

Газдаштырууда пайызсыз бөлүп төлөөнү алуу үчүн Ош жана Жалал-Абад облустарынын жашоочулары «Дос-Кредобанкка» кайрылса болот. Бөлүп төлөөнүн максималдуу мөөнөтү – 18 айга чейин. Суммасы – 250 000 сомго чейин.

Аталган суммага газ от казанын, газдаштырууга керектүү материалдарды сатып алса болот жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын каалаган КТБнан газ түтүктөрүн монтаждоо үчүн тапшырык калтырсаңыз болот.

Бөлүп төлөөнү DCB Green долбоору боюнча алса болот. Компаниялардын өкүлдөрү маалымдагандай, ыңгайлуу финансылык аспапты иштеп чыгуу Ош жана Жалал-Абад облустарындагы калкка жана бизнеска катуу отундан экологиялык таза отунга өтүүгө түрткү бермекчи.

Буга чейин «Газпром Кыргызстан» жана «Дос-Кредобанк» Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы өндүрүштү газдаштырууда чакан, орто бизнес ишканаларын колдоо үчүн бизнес-продуктыларды иштеп чыгуу боюнча Меморандумга кол коюшкан.

«Дос-Кредобанк» ААКнын төмөнкү даректеги филиалдары аркылуу бөлүп төлөөнү алса болот:

Аталышы

БИК боюнча коду

Дареги

Директор жана башкы бухгалтердин аты-жөнү

1

Жалал-Абад филиалы

121002

Жалал-Абад, Ленин көч., 28а

Директору: Асаркулов А.К.

Башкы бухгалтер: Кыргызбаева З.Н.

2

Ош филиалы

121004

Ош, Ленин көч., 324

Директору: Айбашев Ж.Б.

Башкы бухгалтер: Байыш кызы Ж.

3

«Берекет» филиалы

121008

Бишкек, Токтогул көч., 171/1

Директору: Исаев А.Ж.

Башкы бухгалтердин милдетин аткаруучу: Ордобаева А.К.

4

Борбордук филиал

121015

Бишкек, Чүй пр.,92, «Чынар» соода борбору, 1-кабат

Директор: Исламов Д.Э.

Башкы бухгалтердин милдетин аткаруучу: Токтосунов Р.А.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: