super.kg logo

Дарыгер эмгекке жарамсыздык баракчасы жумуштан бошотууга жана жөлөк пул төлөөгө негиз болорун айтты

 

Өзүнчө обочолонгон же коронавирус менен ооруган бейтаптар менен байланышта болгон жарандарга эмгекке жарамсыздык баракчаларын жана башка документтерди алуунун жол-жоболорун Бишкек шаарындагы №8 үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору Анара Шакеева брифинг учурунда айтып берди.

Анын айтымына караганда, эмгекке жарамсыздык баракчасы жумуштан бошотууга жана жөлөк пул төлөөгө негиз болуп саналат.

"COVID-19дун симптомдору жана ага шектенүү пайда болгондо, үй-бүлөлүк дарыгерлер тарабынан текшерилген жана дарт аныкталган күндөн тартып бейтаптар менен байланышта иштегендердин ПЦР оң жыйынтыгы же пневмония болсо, эмгекке жарамсыздык баракчалары ачылат. Ал эми мектепке чейинки курактагы, мектеп жашындагы балдарга, орто жана жогорку окуу жайлардын студенттерине маалымкат берилет.

Эгерде коронавирустук инфекциянын симптомдоруна шектенүү болсо, биринчи кезекте жарандар Үй- бүлөлүк медициналык борбору (ҮМБ), ЖДПБнын үй-бүлөлүк дарыгерлерине каттоо жайынын телефону же уюлдук телефон аркылуу кайрылуулары керек.

Ошондой эле 118 call-борбору аркылуу мобилдик топко кайрылыңыз. Эки учурда тең мобилдик топтор үйгө же ҮМБга, ПЦР-анализин алуу, дарылоо рецепттерин жана сунуштарды берүү үчүн чакырылат", - деди Шакеева.

Эмгекке жарамсыздык баракчасы:

Жарандар ооруп калганда, жаракат алганда, кош бойлуу болгондо жана төрөттө убактылуу ишке жарамсыздыгын күбөлөндүрүүчү документ;

Эмгекке жарамсыздык баракчасы жумуштан бошотууга жана жөлөк пул төлөөгө негиз болуп саналат.

"Алдын алып дарылоо уюмдарында убактылуу эмгекке жарамсыздыгын экспертизадан өткөрүү боюнча нускамага" ылайык берилет. Эмгекке жарамсыздык баракчасы медициналык мекеменин ыйгарым укуктуу дарыгерлери тарабынан гана берилүүгө укуктуу;

ҮДТ, ҮМБ, ЖДПБ деңгээлинде амбулатордук дарылоо учурунда ПЦР оң жыйынтыгы менен COVID-19 жеңил жана симптому жок формада ооруган бейтаптарга жана ооругандар менен карантин мезгилинде байланышта болгондорго Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы менен бирге 14 күн өзүнчө обочолонуу берилет.
10-12-күнү кайталап ПЦР алынат, эгерде жыйынтыгы терс болсо, убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы жабылат жана жумушка чыгарылат.

Эгерде ПЦР терс болуп, бирок пневмония аныкталса, анда жеңил формада болуп, амбулатордук негизде дарыланат жана биринчи күндөн тартып эмгекке жарамсыздык баракчасы ачылат", - деди Шакеева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: