"4 адам оор абалда". Кубакыда 7 адамдын өмүрүн алган кырсыктан жабыркагандардын бүгүнкүгө карата абалы
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусунда жол кырсыгы катталып, 5 адам, кийинчерээк каза болгондордун саны 7ге жеткени маалымдалган.
Кочкор райондук жалпы практикалык борборунун директору Туратбек Жумабеков билдиргендей, бүгүнкү күндө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жаткандардын ичинен бирөөнүн абалы жакшырып, палатага которулду.
"Учурда 4 адамдын абалы дагы да оор бойдон калууда" деп билдирди ал.
Эске салсак, 17-август күнү Ман үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа Боом капчыгайын көздөй түшүп келе жатып, тормозу иштебей калган. Натыйжада аталган унаа жолдун каршы тилкесине чыгып, Кубакы ашуусуна чыгып бара жаткан Мерседес-Бенц-Спринтер үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган унаа менен сүзүшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.