super.kg logo

Актёр Жеңиш Майрамбек уулу кырк жылкылуу болду

 

"Биртууганчик" жана "Напарниктер" тасмасы менен белгилүү болгон актёр Жеңиш Майрамбек уулу 17-августта кыздуу болду. Биз актёрду куттуктап байланышканыбызда, ал кубанычы койнуна батпай жатканын айтты.

"17-августта кыздуу болдум. Учурда өтө толкунданып жаткан чагым. Сезимдеримди сөз менен жеткире албайм. Анткени бир туугандарымдын арасында кыз жок. Үч эркекпиз. Буга чейин УЗИден баланын жынысы кыз экендигин билгенбиз. Жубайым кесарево жолу менен төрөдү. Кызымдын салмагы 3 килограм 400 грамм, бою 53 сантиметр болуп төрөлдү. Учурда эне-баланын абалы жакшы. Курсагына тогуз ай көтөрүп жүргөн жубайыма чоң рахмат! Балдарым удаа төрөлүп жатканына байланыштуу кичине кыйналып жатканына карабастан, мээримдүү эне болуп жатканына ыраазымын. Кызымдын атын жубайым Нурайым өзү коёт. Анткени буга чейин балдарымдын аттарын ата-энелерибиз коюшкан", - дейт Жеңиш Майрамбек уулу.

Эске салсак, Жеңиш Майрамбек уулу сүйүктүүсү Нурайым менен 2015-жылы баш кошкон. Алар Алим жана Ариет аттуу балдарды тарбиялап келишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
19.08.2021. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бешик боонор бек болсун, кызындын омуру узун, ден соолугу чын, ырыскысы кенен болсун. Ата энесинин койнунда бактылуу балалыкта чонойсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: