Кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн республикалык кеңешме өтөт
Билим берүү жана илим министрлиги "Татыктуу тарбия жана сапаттуу билим берүү - өлкөнүн өнүгүшүнүн жана өркүндөшүнүн өбөлгөсү" аталышында билим берүүнүн бардык баскычтарынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн республикалык кеңешме өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, пленардык жыйында кыргыз тилин эне тили, экинчи тил катары окутуунун өркүндөтүлгөн концепциясынын долбоору, кыргыз адабиятын окутуунун актуалдуу маселелери, көп тилдүү билим берүү, "Манас" эпосун окутуу, кыргыз тилинде китеп чыгаруу маселелери, "Улут" мобилдик тиркемеси жана анын мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу баяндамалар жасалат.
"Бир катар багыттарды камтыган 8 секцияда мугалимдер иш алып барып, тажрыйба бөлүшүү менен көйгөйлүү маселелерди талкуулашат. Жыйынтыгында кеңешменин резолюциясы кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















