АКШ Ооганстанга акыркы 20 жыл бою күн сайын 300 миллион доллардан короткону айтылды
Европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррель АКШ өлкөсү акыркы 20 жыл ичинде Ооганстанга күн сайын 300 миллион доллар коротконун билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-августта Европарламент комитетинин жыйынында билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, акыркы 20 жыл аралыгында АКШ Ооганстанга жалпысынан 2,1 триллион доллар сарптаган. Жозеп Боррель Ооганстандагы учурдагы абалды европалык чалгынчылар көрө билбеген апаат деп атаган.
Ошондой эле Боррель Кабулдагы Европа өкүлчүлүгүнүн 106 кызматкери Ооганстандан Мадридге алып келингенин кошумчалаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Же ошончо акча коротулганы чын болсо, демек ошол акчанын жарымы, хотя бы учтон бири ким бироолордун чонтогуно кетип турган.......