super.kg logo
  Саясат  

Абдулда Суранчиев: “Биздин кызматкерлер татаал шарттарда иштеп жатышат”

 
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Абдулда Суранчиев 1-ноябрдагы Кыргыз милициясынын күнүн майрамдоо салтанатында “Биздин кызматкерлер татаал шарттарда иштеп жатышат” деп билдирди. “Биз бүгүнкү күндө орчундуу маселелерди аткарып жатабыз. Кызматкерлерибиз татаал шарттарда иштеп жатышат. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин профессионалдуулугу менен “Фуджин” дүкөнүнүн башкы директорун өлтүрүү, Баткен облусундагы үй-бүлөнү атып кеткен жана башка кылмыш иштеринин бети ачылды”,- деди Суранчиев. Министр ички иштер органдарынын жеке курамын жана ветерандарды кесиптик майрамы менен куттуктап, артыкчылык көрсөткөн кызматкерлерди медаль жана ардак грамоталарын тапшырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: