Жасалма ПЦР-тесттин тастыктамаларын саткан Өзбекстандын жараны кармалды
Кечээ, 18-августта "Маданият-Автодорожный" өткөрмө бекетинен жасалма терс жыйынтыкты көрсөткөн ПЦР-тестин саткан Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргыз жараны аныктамасы жасалма болгон үчүн Өзбекстандын аймагына өтө алган эмес. Териштирүү учурунда ал аныктаманы сатып алган киши тууралуу маалымат берген.
Натыйжада чек ара кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыш ишине шектелип 1996-жылы туулган Б.М. аттуу жаран кармалган. Анда жалпы 60 миң өзбек сумуна бааланган жасалма документ бар экени тастыкталган. Кармалган жаран мындан аркы тергөө иштери үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.