super.kg logo

"Түн жарымында бет капчан киришкен". Баткенде уурулукка шектүү жарандар изи сууй электе Оштон кармалды

 

Баткен облусунун Айдаркен шаарында телефон уурдоого шектүүлөр кылмыш изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-августка караган түнү саат 02.58 чамаларында Айдаркен шаарынын "Сотовый телефон" аталышындагы дүкөндүн терезесин сындырып кирип, жалпы баасы 250 миң сом болгон сатыкта турган 16 даана ар түрдүү үлгүдөгү телефондорду жана кассада турган 60 миң сом акчасын белгисиз жарандан бет капчан кирип уурдап кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-беренеси "уурулук" менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Иликтөө иш-чараларынын натыйжасында уурдалган телефондорду Ош шаарында сатууга аракет кылып жүргөн Айдаркен шаарынын 19 жаштагы тургуну, Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Коргон айылынын 18 жаштагы жашоочусу жана Ормош айылынын 20 жаштагы тургуну кармалышкан. Уурдалган телефондор далил буюм катары алынып, кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришти Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
19.08.2021. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Телефондорду уурдабай эле айнектерин талкалашыптырго
19.08.2021. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тоону томкоруп, любой ишти тытып сала турган учурда уурулук кылып жүрөт.
Иштей турган учур азыр. Эртең аябай өкүнүп калат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: