super.kg logo

Польша ооганстандык иммигранттардан кутулууга аракет кылууда

 

Польша өз аймагынан ооганстандык иммигранттардын чоң тобун Беларусь өлкөсүнө сүрүп чыгарууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу Беларустун Мамлекеттик чек ара комитетинин расмий өкүлү Антон Бычковскийдин билдирүүсүнө таянып, чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Польша Ооганстандан келген иммигранттардан тезирээк кутулууга аракет кылып, жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери аларды Польша-Беларусь чек арасына алып келишкен.

"18-августта "Гродно" чек ара тобунун Русаки чек ара заставасынын маңдайында Польшанын укук коргоо кызматкерлери бир нече аскердик унааларында имигранттардын чоң тобун алып келишкен жана аларды Беларусь өлкөсүнүн аймагына мажбурлап чыгарууга аракет кылып жатышат", - деп Беларусь министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашкан. Ошондой эле Польша учурдагы окуялардын чыныгы көрүнүшүн бурмалап жаткандыгын кошумчалаган.

Ал эми иммигранттардын айтымында, алар Польша аркылуу Германияга барышмак жана Беларусь өлкөсүнө баруу пландарында жок болгон.

Белгилей кетсек, Литва, Латвия жана Польша Беларусь өлкөсү менен чек арада кармалган мыйзамсыз мигранттардын көбөйгөнүн жарыялашкан. Беларусь өлкөсүнүн Мамлекеттик чек ара комитетинин бөлүм башчысынын орун басары Алексей Сытенков буга чейин Евробиримдиктин коңшу өлкөлөрү мыйзамсыз мигранттар менен болгон кырдаалда эл аралык келишимдердин нормаларын бузарын белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: