super.kg logo

"Жамандын артынан жаман келип бир жыл депрессияда болдум, эми жашоону башынан баштайм" дейт Асел Кадырбекова

 

Ырчы Асел Кадырбекова депрессиядан чыкканын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу айтып чыкты. Ал жамандыктын артынан жамандык жанашып келгенин айтып, "өзүңдү колго алып, иште, алаксы, жандан" деп коюңуздар" деген.

"Чындыгында бир жыл катуу депрессияда жүргөнүмдү моюнга алам. Бирок бирөөлөр ушинтип айтса чырдап, "жок, менде баары жакшы деп" моюнга алчу эмесмин. Башыма жамандын артынан жаман жанашып келди.

Биринчиси, кырсык жашоомду түп ордунан бери өзгөрттү. Бул тагдыр, качып кутула албайт экенсиң. Аман калганыма шүгүр айтам. Экинчиси, убактымды, эмгегимди жумшап ачкан салонум да жабылды. Эң өкүнүчтүүсү апамдын жаңы машина алам деген акчасын салонго жумшаганбыз. Буюрса, иштеп мындан да көп табабыз деп. Тилекке каршы, ишке ашпай калды. Эне экен "мейли аман болсок табабыз" деп көз жумуп койду. Үчүнчүсү, менин жеке жашоом.

Мейли, аман болсок баары болот. Эң чоң байлык - өмүр жана ден соолук экен. Калганын кайра башынан баштоого туура келсе да кылса болот. Аман бололу. Эми көп кайгырбай жашоону баштайлы. Айтып бугумду чыгарып албасам баш ооруйт. Көп нерсени ичиме сактай албайм", - деген ырчы билдирүүсүндө.

Ырчы кабылган жол кырсыгынын чоо-жайы:

2020-жылы 26-июнда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry менен Honda Odyssey автоунаалары кагылышкан. Анын кесепетинен Toyota Camry унаасында рулда бараткан Асел Кадырбекова катуу жаракат алган.

Ал эми Honda Odyssey унаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголуп, убактылуу бир айга камакка алынган. Кийинчерээк Асел Кадырбекованын үй-бүлөсү жол кырсыгына күнөөлүү айдоочуну кечиргени, тосмо арыз жазганы маалымдалган. Иш өндүрүштөн кыскартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(9)
19.08.2021. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Надоел ушуга окшогон пайдасыз артисттер!
19.08.2021. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жарашып алгыла,кудайым сүйгөн пендесине сыноо берет экен,сыноого сынбай алдыга карай кадам таштай бер,бар бол кызыңдын бешенесине.
19.08.2021. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тынчыбвды да эч эле
19.08.2021. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ден соолукта бол. Дайыма сулуу, жагымдуу болуп журо бер. Жылмайууну токтотпо, сенин жылмайганың, чач жасалгаларың, сырткы келбетиң абдан жагымдуу! Сиз абдан таланттуу жана чыгармачыл адамсыз. Ошондуктан өтө бер, өркүндөй бергиле кыздар. Жашоодо эркин болуп, сабатсыздарга моюн сунбагыла.
19.08.2021. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
ayzhan12, динди шыбай кетпепсин го, илинчээк тапкан жоксунбу ))
20.08.2021. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Нурландын атасы инстада Аселди жамандаган коментарийге класс басып журот, ата эне аралашып кийлигишкен эн жаманда озу.
20.08.2021. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Уй-булон 3-чу пландабы?
20.08.2021. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Турмуштун оор сыносунда аялдын жанында болбогон эркекке мин наалат
20.08.2021. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жеген тамагына чейин мактана берсе ушундай болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: