super.kg logo
  Спорт  

Сентябрь айында Бишкекте өтүүчү футбол боюнча жолдоштук беттештердин күн тартиби аныкталды

 

Сентябрь айында футбол боюнча үч өлкөнүн катышуусунда эл аралык жолдоштук турнир өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-7-сентябарь күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Палестина, Бангладеш жана Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча улуттук курама командаларынын катышуусунда "Үч улут кубогу" аталышындагы эл аралык турнир өтөт. Аталган жолдоштук турнир "Азия Кубогу-2023" тандап алуу оюндарына даярдык көрүү максатында өткөрүлөт.

Турнирдин алкагындагы оюндардын тартиби төмөнкүчө:

2-сентябрь, Кыргыз өлкөсү - Палестина;

5-сентябрь, Палестина - Бангладеш;

7-сентябрь, Кыргыз өлкөсү - Бангладеш.

Оюндар кечки саат 08:30да башталат.

Ошондой эле Ковид-19 илдетинин жайылуусун алдын алуу максатында стадиондун жалпы сыйымдуулугунун 50 пайызына гана күйөрмандар киргизилет.

Ал эми билеттер 26-августтан баштап "Фрунзе" гипермаркеттеринде жана стадиондун кассасында сатылып баштайт. Билеттер боюнча сурап-билүү телефондору: +996 558 986 100

Ал эми конок секторуна билеттер боюнча маалыматты +996 705 348 806 номери аркылуу алса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
20.08.2021. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билет баасында жазып койсоңор ушунча болду. Силер уже баарын жазып койупсуңарго, дагы эмнени сурап-билет элек ал номерлерден!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: